10-ноябрда Баткендеги Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунда өзбек чек арачыларынан ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор. Мындан тышкары коңшу өлкөнүн чек арачыларынын огунан беш өзбек жараны да жараат алган. Алардын арасында каза тапкандар да бар экени айтылууда. Бирок бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктай элек. Сүрөттөрдө ок атылган жол.
Кыргыз-өзбек чек арасы: ок атылган жолдо

1
Кызыл-Кыя - Кадамжай жолу транзиттик жол болуп эсептелгендиктен кыргызстандык автоунаалардын ал жолдо токтоого укугу жок.

2
10-ноябрда Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунда кыргызстандыктар унаадан жүк түшүрүп жатканда аларга өзбек чек арачылары ок аткан.

3
Өзбек тараптын маалыматы боюнча алар аткезчилик жол менен тоок этин алып бараткан.

4
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

5
Окуяга катышкан дагы бир кыргыз жараны азыр УКМКнын аймактык бөлүмүндө кармалып турат.

6