Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Бээжинде жапон жана кытай лидерлери кездешти


Синдзо Абэ менен Си Цзинпиндин кездешүүсү. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.
Синдзо Абэ менен Си Цзинпиндин кездешүүсү. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.

Си Цзинпин менен Синдзо Абэнин эки тараптуу алакадагы чыңалууну басаңдатууну көздөгөн сүйлөшүүлөрү Азия Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында өттү.

Бул эки өлкө лидерлеринин акыркы үч жылдагы алгачкы сүйлөшүүсү болду.

Абэнин жолугушуудан кийин кабарчыларга айтканына караганда, тараптар деңизде кризистерди болтурбоо механизмдерин даярдоону макулдашты.

Кытайдын расмий өкүлдөрү билдиргендей, президент Си Цзинпин эки тараптуу мамиледеги стабилдүүлүк эки өлкөнүн тең кызыкчылыгындагы иш жана эл аралык коомчулуктун каалоосу экенин белгилеген.

Кытай жана жапон лидерлеринин бүгүнкү жолугушуусунан үч күн мурда эки өлкө алаканы жакшыртуу үстүнөн иштөөнү макулдашып, Чыгыш Кытай деңиздеги аралдар боюнча талашын артка таштарын ишара кылган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG