Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

АКШ: орус олигархы арам акчаны адалдоого катышы бар деп шектенип жатат


АКШ прокуратурасы Орусия президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген олигарх Геннадий Тимченконун арам акчаны адалдоого катышы бар-жогун иликтей баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. Тергөө иштерин Нью-Йорк штатынын прокуратурасы менен АКШнын Юстиция министрлиги жүргүзүүдө. Прокуратура Тимченкого тиешелүү Gunvor Group швейцариялык компания “Роснефттен” мунай сатып алып, аны үчүнчү тарапка кымбат баада саткан деген маалыматты иликтөөдө. Gunvor Group эки жылдан бери “Роснефттен” мунай сатып албай калганын белгилөөдө.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Геннадий Тимченко менен Путиндин каржылык байланышы бар деген маалыматты четке какты. Тимченко Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияга туш болгон адамдардын башында турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG