Британиядагы Legatum Institute аналитикалык борбору жылдык изилдөөсүнүн натыйжасында ушундай тыянакка келди. Жашоосу эң мыкты байдөөлөт беш өлкөнүн катарында Швейцария, Жаңы Зеландия, Дания жана Канада бар. Кыргызстан жыргалчылык индекси боюнча жоон топтун ортосунда же 142 өлкөнүн ичинен 74 орунду ээлеген.
Legatum Institute борборунун жыргалчылык индекси 142 өлкөнү камтыйт. Бул өлкөлөрдө дүйнө элинин 96% жашайт жана дүйнөлүк дүң жыйымдын 99% өндүрүлөт. Өлкөдөгү жыргалчылыктын индекси экономика, билим берүү, ишкерчилик жана мүмкүнчүлүк, башкаруу, саламаттык, жеке эркиндик, коопсуздук жана социалдык капитал сыяктуу 8 категориянын негизинде аныкталган.
Турмушу береке-шарапаттуу 10 өлкөнүн ичине башта айтылган беш өлкөдөн башка Швеция, Австралия, Финляндия, Нидерландия жана АКШ кирген. Британиялык институт байдөөлөт жашоону жан башына өндүрүлгөн ички дүң жыйымдан тышкары, адамдардын бак-таалайы, саламаттыгы жана эркиндиги менен да аныктайт.
Бул изилдөөнүн жетекчиси Нейсон Гэймстер “Азаттык” радиосуна курган маегинде акыркы алты жылда Норвегия дүйнөдөгү эң жыргал турмушта жашаган өлкө экенинин баса белгиледи:
- Жыргалчылык индексинин эң төбөсүндө алты жылдан бери Норвегия турат. Андан тышкары Дания, Швейцария сыяктуу өлкөлөр дайыма тизменин алдында жүрөт. Ырас, өлкөлөр орун алмашып турат. Сирияда акыркы алты жылда чоң төмөндөө болду. Быйыл Орусия башка Европа мамлекеттерине салыштырмалуу өтө төмөн, 68-орунга түшүп кетти. Жаңы Зеландия Австралиядан да өйдө секирип, 3-орунга чыкты.
Быйыл Орусия ошентип элинин жыргалчылыгы боюнча Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Украинадан да начарлап кеткен. Орусияда өзгөчө жеке эркиндиктин абалы (124-орун), башкаруунун сапаты (113-орун) жана жарандардын коопсуздугу (96-орун) начарлаган.
- Быйыл Казакстан жалпы тизмеде 55-орунду алды. Себеби башкаруунун, жарандардын эркиндигинин абалы ылдый тартып кетти. Бул көрсөткүчтөр боюнча Казакстан 106чы жана 91-орунда. Сауд Арабия экономикасы боюнча 24-орундагы күчтүү өлкө. Билим берүүсү да жакшы. Бирок инсандын эркиндиги өтө начар. Саудия жарандардын жеке эркиндиги боюнча 136-орунду ээлеген. Же тизменин этегинен эсептегенде 6-орунду алды. Өлкөнү жалгыз ички дүң жыйым боюнча эмес, түрдүү көрсөткүчтөрдүн негизинде ченесек, жыргал жашоого ар кандай фактор таасир эткенин Саудиянын мисалы даана көрсөтөт.
Кыргызстан жыргалчылык индекси боюнча 142 өлкөнүн ичинде 74-орунда турат. Ал эми Түркия 86, Тажикстан 94, Иран 107, Сирия үч жылдан бери жүрүп жаткан согушка карабай 129 жана Ооганстан 137-орунда турат.
Кыргызстандын тизмедеги жоон топ өлкөлөрдүн ортосунан орун алуусу негизинен эки көрсөткүчкө билим берүү жана социалдык капиталга байланышуу. Социалдык капитал – адамдардын бири-бирине ишенүүсү, үй-бүлөсү жана досторунун жардамдашуусу сыяктуу элдик насыл-нарктар менен өлчөнөт. Нейсон Гэймстер Кыргызстанга мындай мүнөздөмө берди:
- Кыргызстан кызыктуу өлкө. Себеби билим берүүнүн жана социалдык капитал көрсөткүчү Кыргызстанда абдан жакшы. Бирок экономикасы жана башкаруу индекси боюнча Кыргызстан тизменин аягында жүрөт. Кыргызстан экономикасы боюнча 120-орунда, башкаруу сапаты жагынан 116-орунда турат. Жыргал турмуш үчүн мүмкүнчүлүк жакшы. Себеби билим берүүдө 56чы жана социалдык капитал боюнча 44-орунду ээлеген.
Гэймстердин сөзүн изилдөөнүн негизинде түшүндүрсөк, Кыргызстан өкмөттүн эл алдындагы жоопкерчилиги жана башкаруунун эффективдүүлүгү, мыйзамдын сакталышы, сот органдарынын аткаруу бийлигине көз карандылыгы, коррупцияга каршы күрөшүү, өкмөткө болгон ишеним сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча начар баа алган.
Билим өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөндөн башка демократиялуу болуусуна да салым кошот.
- Билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү эң маанилүү түркүгү. Өлкөдөгү билим берүүгө баа бергенде объективдүү факторлорду: класстардын чоңдугун, шартын, сабак берген мугалимдерди жана адамдардын билим берүү системасына берген баасын эске алдык. Быйылкы изилдөө билим жыргал турмушта жашоодон башка демократияга өбөлгө түзөрүн көрсөттү. Билим берүүнүн сапаты бийик өлкөлөрдө билим алууда теңчилик болсо, мындай өлкөлөр бир кыйла демократиялуу болот. Жыргалчылыктын дагы бир маанилүү түркүгү - бул жеке эркиндик. Бул көрсөткүчтү адамдардын эркиндигине рахаттанып жашоосу, ишеним эркиндиги, сөз эркиндиги, мигранттарга жана этностук азчылыктарга канчалык толеранттуу мамиле жасаганына карап аныкталды.