«СССРдин курамында өзүн камсыз кыла албаган, чабал өлкө катары каралган Өзбекстан азыр динамикалуу өнүгүп бараткан өлкөгө айланды» деди өзбек президенти Ислам Каримов эгемендикти белгилеген салтанаттуу майрамда. Бирок статистика органдары бийликтин чеңгелинде экенин эске салган серепчилер, ички дүң өндүрүш өзбек лидери айткандай өскөнүнө көп ишене беришпейт.
Өлкө эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгынын урматына Ташкентте уюштурулган майрамдык салтанатта президент Ислам Каримов акыркы он жылда Өзбекстан өнүккөн өлкөгө айланганын белгиледи. Өзбек лидери майрамда сүйлөгөн сөзүндө СССРдин курамында жүргөн кездеги оор күндөрдү элдин эсине салды.
- Өзбекстан жалаң гана чийки зат жеткирип бере турган, экономикасы бир тараптуу өнүккөн, пахта үстөмдүгү кейиштүү түс алган өлкөгө айландырылган, СССРдин курамындагы эң артта калган агрардык республика эмес беле. Элибизди багыш үчүн зарыл азыктарды чет элден бирөөлөргө жалынып алып келгенибизди унутуп болобу? Эски система өкүмдарлык кылган соңку күндөрү журтубузда бир жума же он күнгө жете турган ун калганын, ачарчылык чегине жетип калганыбызды унутуу мүмкүнбү?
Өзбек лидеринин айтымында, көз карандысыздыкка жеткен жылдан бери экономика дээрлик беш эсеге өскөн. Натыйжада калктын жашоо деңгээли жана сапаты жакшырып, киши башына киреше төрт эсеге жакын көбөйгөн.
- Эгемен болгон жылдан тартып Өзбекстандын экономикасы дээрлик беш эсе, киши башына киреше 3,7 эсе өстү. Элдин жашоо деңгээли жана сапаты жакшырды. Мунун баары артта калган, өзүн камсыз кыла албаган өлкө, кыска убакыт ичинде динамикалуу өнүгүп аткан өлкөгө айланганын көрсөтөт. Дүйнөлүк каржы-экономикалык кризиске карабай Өзбекстандын экономикасындагы жылдык өсүш акыркы он жылда 8 пайыздан ашты. Бул көрсөткүч стабилдүү түрдө көбөйүүдө, мындай көрүнүштү азыр анча-мынча гана өлкөлөрдөн байкоого болот.
Каримовдин белгилешинче, көз карандысыздыкты алган жылдары экономикага 180 млрд. доллар капитал салынса, анын 60 млрд. долларын чет элдик инвесторлор салган. Бирок статистика органдары бийликтин чеңгелинде экенин белгилеген серепчилер, ички дүң өндүрүм президент Каримов айткандай өскөнүнө көп ишенишпейт. Саясий серепчи Камоллидин Раббимов Өзбекстандагы проблемалар эч качан моюнга алынбайт деп эсептейт. Ал Өзбекстанды СССРден айырмасы жок деп атады:
- Каримовдун негизги милдети чоң ийгиликтерге жетиштик деп элге эргүү берүү. Экинчиден, бюрократияга сигнал берүү болуп саналат. Өзбекстанда проблемалар эч качан моюнга алынбайт. Бул азыркы бийликтин тандап алган усулу. Биринчиден, Өзбекстанда монополия толук жоголду деген айтуу кыйын. Мамлекетте калыптанган гибрид модели бар. Бир тараптан базар экономикасы маселеси бар, экинчи тарапта бийликтин капитализми турат. Мамлекетте мажбурлап иштетүү жана план тапшыруу механизми сакталган, фермерлер өз алдынча боло албаган соң Өзбекстандын СССРден айырмасы жок. Демек, президент Ислам Каримовдун саясатына нааразы болууга негиз бар.
Өзбекстан алтын, уран, жез, газ, мунай жана башка пайдалуу кен байлыктар запасы боюнча дүйнөдө алдыӊкы орундарда турат. Булардан тышкары, Өзбекстанда 2000дей кенден турган пайдалуу казылмалар бар. Жергиликтүүлөрдүн белгилешинче, Өзбекстан калкы акыркы он жылдыкта газ жана электр таӊкыстыгынан кыйналып келет. Адамдар кыштын катуу суугунда үйлөрүн ысытып, перзенттерин суукка алдырбай аман-эсен жазга алып чыгуу көйгөйүн чече албай келатат.
Өзбекстандык жүз миңдеген эмгек мигранттары жан багуу амалында Орусия, Казакстан, Корея жана башка өлкөлөргө агылууда. Өлкөнүн өзүндө орточо эмгек акы – 275 АКШ долларына барабар. Жан башына эсептей келгенде, өзбекстандыктардын орточо жылдык кирешеси 3300 доллар.