Түнөк издеген балалуу аялдар
Кыргызстанда соңку жылдары турмуштун ар кандай сыноосуна түшүп, үй-бүлөсү бузулуп, балдары менен көчөдө калган аялдардын саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгү аймактардан келип, Бишкектеги коомдук уюмдардан, кризистик борборлордон башпаанек табууда. Социалдык өнүктүрүү министрлиги багар-көрөрү жок калган балалуу аялдарга кам көрчү атайын борбор ачууга каражат тартыш экендигин айтып, аларга коомдук уюмдар менен кызматташуу аркылуу жардам көрсөтүлөрүн билдирүүдө.