Энергетика жана өнөр жай министрлиги иштеп чыккан электр энергиясына жана жылуулукка карата жаңы тарифтик саясаты, ошондой эле кышка даярдык коомдук талкууга коюлат. Ага вице-премьер-министр Валерий Диль, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин жетекчиси Нурбек Элебаев катышат.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына байланышкан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга 14-октябрда алып чыкккан. Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган. Муну менен катар быйыл 17-июнда кабыл алынган тарифтик саясат боюнча токтом да жокко чыгарылды. Анда электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. (ZMa)