Күрүч өстүрүү менен алектенген элдердин улуттук маданиятын жана салттарын көрсөтүү, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул фестиваль эки күнгө созулат.
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканованын айтымында, фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференция, айыл чарба товарларынын көргөзмөсү, күрүч талааларын жана Өзгөн районундагы кайра иштетүүчү ишканаларды кыдыруу каралган.
Фестивалга бир катар өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан окумуштуулар, күрүч өстүрүү боюнча адистер келет деп күтүлүүдө. (ZMa)