Медал пакистандык кызга “жаманчылык алдындагы баатырдыгы жана аны үнсүз карап турбаганы” үчүн берилди. 17 жаштагы Малала Вашингтондо 100 миң долларлык жаңы сыйлыкты алып жатып, бул акчаны Пакистанда билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшарын жана мектеп курагындагы 57 млн. окуучу окууга укук алганын кааларын айтты. Азыр Британияда жашаган Малалага 2012-жылы талиптер кол салып, башынан оор жараат алган.
Малала Юсуфзай Нобелдин тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты. Ага Нобель сыйлыгы индиялык балдар укугун коргоочу Кайлаш Сатьяртхи менен чогуу быйыл 12-октябрда ыйгарылган.