Америкалык командачылыктын маалыматына ылайык, күрттөр Сириянын Кобани шаарынын ири бөлүгүнө көзөмөлдү сактап келатат. “Ислам мамлекети” террордук уюму өз турумдарын кеңейте алган жок.
Пентагондун өкүлү, адмирал Жон Кирби күрт армиясы “Ислам мамлекетин” өткөрбөй турганын, АКШнын абадан урган соккулары согушкерлердин чабуулун болтурбай жатканын билдирди. “Бирок согушкерлер мурдагыдай эле шаар үчүн коркунуч жаратууда”, - деп кошумчалады адмирал.
Чет өлкөлүк коалиция абадан сокку уруусун улантууда. 20-октябрда аскер учактары күрттөргө курал-жарак, ок-дарыларды жана дары-дармектерди таштап кетти. Кирби ошондой пакеттердин 28и согушкерлердин колуна түшүп калган болушу мүмкүн экенин билдирди. (ZMa)