Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын үчүнчү жыйыны башталат.
Үч күнгө созулчу жыйында консулдар өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, өздөрү иштеген мамлекеттер менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелерди талкуулашат.
Жыйынга Нидерланды, Түркия, Пакистан, Жапония, Корея, Орусия жана Казакстандан консулдар катышат. (ZMa)