Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жаатта сүйлөшүү өткөрүү үчүн 1-ноябрда кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Түркмөнстанга барат. Анда электр энергиянын көлөмү жана наркы сүйлөшүлмөкчү. Эгер Түркмөнстандан электр энергия сатылып алынса, аны Өзбекстан аркылуу алыш керек болот. Бул жаатта Өзбекстан менен транзит боюнча маселе да чечиле электигин Турдубаев кошумчалады.
Учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт.саат керек экенин өкмөт билдирген.(BkA)