Гонконгдогу калайман
Гонконг администрациясынын имаратынан анча алыс эмес көчөдөгү кайра пайда болгон баррикаданын жанында полиция менен нааразылыкка чыккандар кагылышты. Полиция көздөн жаш агызчу газ колдонгону кабарланууда. Гонконгдо студенттер уюштурган акция сентябрдын акырында башталган. Нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары Кытай өкмөтүн 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыптап, аймакта демократиялык шайлоо өтүшүн талап кылууда.