Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Казакстан: Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди жактырды


Казакстан Сенатынын жогорку палатасы бүгүн Орусия, Белорус менен Евразия экономикалык биримдигин түзүү жөнүндө келишимди карап, жактырды. Маалымат агенттиги билдиргендей, жыйынга катышкан 44 депутаттын 43ү “макул” деп добуш беришти. Бул мыйзам долбоор 1-октябрда төмөнкү палатада каралып, бир добуштан жактырылган.

Быйыл 29-майда Астанада Казакстан, Белорус жана Орусия президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюшкан болчу. Келишим аты аталган өлкө парламентинин колдоосунан өткөн соң, 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Бирдиктүү экономикалык аймак - бул Бажы биримдигинен кийинки уюшма болуп саналат. Анда капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG