Орусиянын Тергөө комитети Украинанын коргоо министри Валерий Гелетай жана Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Виктор Муженкого карата кылмыш ишин козгоду. Расмий Москва украин бийлигинин өкүлдөрүн адам өлтүрүүнү уюштурган, согуштун тыюу салынган ыкмасын колдонуп, тукумкурутка жол берген деп айыптоодо. Мындан сырткары 25-бригаданын командири Олег Микаска жана 93-бригаданын азырынча белгисиз жетекчисине каршы кылмыш иш ачылган.
Расмий Киев бул дооматтарды четке кагууда. Украин армиясы менен орусиячыл жикчилдердин апрелден бери болуп жаткан согушунда кеминде үч миң киши набыт болду. Миңдеген адамдар өз үйлөрүн таштап кетишти. (КЕ)