Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.И жана Шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган шаардын мэринин милдетин аткаруучу архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Жер кодексин бузуп, майыптарга каралган жер тилкесин башка жарандарга берип койгон. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Жер кодексин бузуу” беренелери боюнча иш козголду. Тергөө башталды.(BkA)