2016-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларга коммерциялык багытта жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Автомобиль жана суу транспорту агенттигинин транспортту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Доолетов билдирди.
Анын айтымында, аталган мезгилге чейин унаа ээлери рулдарды алмаштырса болот. Рулду сол жакка жылдырууга миң доллардын тегерегинде акча сарпталары айтылып келет.
Оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. (UEz)