Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” эл аралык уюмунун 26-сентябрда жарык көргөн докладында айтылат. Расмий бийлик “саясий көз карашы үчүн соттоо” деген берене жок экенин айтып, мындай дооматтарды четке кагууда.
“Хьюман Райтс Уотч” уюмунун баяндамасы сот документтерине, көптөгөн интервью, анын ичинде түрмөдөн жаңы чыккан кишилердин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Уюм уруп-сабоо, электрошок колдонуу, тумчуктуруу, сексуалдык ыдык көргөзүү, зордуктоо менен коркутуу учурлары көп катталганын белгилейт.
Докладда саясий негизде камалган жарандардын абак мөөнөтүнө жасалма жылдар кошулары, өз укуктарын коргоп чыккан миңдеген адамдар мыйзамсыз эркинен ажыратылары, Өзбекстан адам укуктары жаатында дурус эмес өлкө экени жазылган. Ошондой эле өз өлкөсүндө белгилүү болгон, саясий көз карашы үчүн мыйзамсыз абакка кесилген 34 саясатчы, журналисттердин мисалы келтирилген. Алардын арасында өлкөдөгү коррупцияга каршы сүйлөгөн, демократия үчүн күрөшкөн, бийликти сындаган ар кайсы тармактын адамдары бар экени айтылат. “Алардын айрымдарына жок жерден кылмыш ачылып, “пара алуу”, “шылуунчулук кылуу” жана “бирөөнү опузалоо, коркутуу” деген беренелер моюнуна илинген”, – деп жазылат докладда.
“Бул далилдерден кийин расмий Ташкент саясий камакка алууларды тана албайт”, - деди “Хьюман райтс Уотчтун” Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү, докладдын автору Стив Свердлов.
- Өзбекстан өкмөтү мыйзам бузуулар боюнча маалыматты жашырганга аракет кылат. Ал тургай саясий негизде камалды деген маалыматтарды четке кагып келет. Докладда жазылган жаңы фактылар, далилдерден кийин расмий Ташкент саясий камакка алууларды тана албайт.
Ушул жазда абактан чыккандан көп узабай рактан көз жумган укук коргоочу активист Абдурасул Худойназаров анын медициналык жардам көргөзүү өтүнүчүн такай четке кагып келишкенин айтып берген. Ал эми учурда Америкада жашаган өзбекстандык саясатчы, активист Санжар Умаров “Хьюман райтс Уотчтун” суроолоруна жооп берип, аны уурдап кеткенин, жасабаган кылмышты мойнуна алдыртууга аракет жасалганын айткан. Умаровдун жооптору аталган уюмдун сайтынан алынды.
- Мени камашты, ал тургай уурдап кетишти десем да болот. Анткени мага эч ким камоо тууралуу ордерди көрсөткөн эмес. Жок жерден экономикалык кылмыш кылды деп айып тагышты. Бул саясий жактан активдүү адамдар менен күрөшүүдөгү негизги тактикалардан. Мени "Өзбекстан бийлигин кулатуу үчүн Америка өкмөтүнөн 20 млн. алдым" деп моюнга ал деп кыйнашты. Баш тарткандан кийин муунтушту. Ошондон бери үнүм жакшы чыкпай калды.
Расмий бийлик “саясий көз карашы үчүн соттоо” деген берене жок экенин айтып, мындай дооматтарды четке кагууда. “Хьюман райтс Уотчтун” сайтында жарыяланган видеодо Өзбекстандын адам укуктары боюнча жооптуу өкүлү Акмал Саидов бул уюмдун айткандарына макул эместигин билдирген.
- “Саясий кылмыштуулук” же “саясий куугунтуктоо” деген терминологияга такыр кошула албайм. Юрист деген конкреттүү болушу керек. Кылмыш кодексинде мындай берене жок. Адамдар саясий көз карашы үчүн эмес, конкреттүү жасаган кылмышы үчүн камалат.
Укук коргоочу, докладдын автору Стив Свердлов өзбек бийлиги өзүн сындаган адамдарды түрмөгө камоо жолун тандап жатканын сындаган.
- Мухаммад Бекжанов түрмөдө эң узак убакыт отурган журналист болууда. Анын окуясы адам укуктарынын бузулушу жаатында көрүнүктүү мисал болуп бере алат. Өзбек өкмөтү өзүн сындаган адамдарды түрмөгө камоону тандап жатат. Бекжанов 1999-жылы эч кандай соттун чечимисиз кармалып, камалган. Соттук териштирүү маалында кыйноолорго кабылган. Анын иши дагы “саясий негизде” камалгандыгын айгинелеп турат. 2012-жылдын башында эркиндикке чыгат деген Бекжановдун абак мөөнөтү белгисиз себептерден эле “түрмөдөгү эрежелерди бузду” деген негизде узартылган.
Бул уюм өзбек бийлигин саясий жүйөө менен камалгандарды бошотууга жана алардын мөөнөтүнө жасалма түрдө жылдарды кошуу тажрыйбасынан баш тартууга чакырды.