Бишкектеги кенже класстагы мектеп окуучулары үчүн жол кире акысы кайрадан 5 сомго арзандатылды. Бул тууралуу Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай жыйынтык жүргүнчүлөрдү ташыган ишканалар менен сүйлөшүү аркылуу жетишилди.
Буга чейин кенже класстагы балдар үчүн жол кире 5 сом деп белгиленген. Бирок жакындан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган ишканалар күйүүчү майдын кымбаттыгын шылтоо кылып, 10 сомго көтөрүп алышкан. Мындан соң Шаардык кеңеш аталган ишканаларга эскертүү берип, 5 сомго түшүрүүгө көндүрүштү.