Батыштагы союздаш өлкөлөр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерине каршы күрөштү жанданта турганы тууралуу 14-сентябрда, Британ кайрымдуулук уюмунун кызматкери өлтүрүлгөндөн соң жарыяланды. Бир күн мурда аталган уюмдун өкүлү Дэвид Хейнстин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери тарабынан башы алынып жатканы тартылган тасма чыккан. Согушкерлер муну түндүк Ирактагы күрт армиясына курал-жарактан жардам бергени үчүн Британиядан өч алуу деп атаган.
Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон Хейнсти өлтүргөн “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин жоопко тартуу канчалык узакка созулса да ишке ашуусу зарыл экенин, буга мамлекет бардык аракетин көрө турганын айтты. Ошондой эле өкмөт жыйын куруп, согушкерлерге каршы АКШ президенти Барак Обама тарабынан жарыяланган мерчемдүү аракеттерге кошулуу маселесин талкуулады.
Ал арада Австралия согушкерлерге каршы күрөш баштаган эл аралык коалицияны колдоо максатында 600 аскер жана 10 аскерий учак жиберүүгө макул экендигин билдирди. Аталган коалицияга АКШ, НАТОго кирген бир катар өлкөлөр жана Араб мамлекеттери лигасы мүчө.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан буга чейин америкалык эки журналисттин да башы алынган.