Дүйшөн Ирсалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ирсалиевди бүгүн фонддун жамаатына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды.
Буга чейин Дүйшөн Ирсалиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.(BkA)