“Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалынын алкагында алыскы Соң-Көл жайлоосундагы малчыларга шейшемби күнү адам укуктарына арналган фильмдер көрсөтүлдү.
““Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму 5-сентябрдан тарта 15 күндүк көчмө кино көрсөтүү уюштуруп, өлкөнүн алыскы аймактарындагы 24 айылды кыдыра баштаган.
Ал эми фестиваль өзү 7-11-октябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Быйыл сегизинчи ирет уюштурулуп жаткан иш-чарада даректүү тасмалар “Манас” кинотеатрында сунушталат. Анда чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм тартууланат. (TSh)