Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Пакистан парламенти премьер-министрди жактады


Пакистан парламентинин мүчөлөрү Наваз Шарифти колдошту. Ошондой эле өлкөдөгү ири саясий партиялардын лидерлери да парламент сессиясында Шарифти колдошуп, талап кылса эле премьер-министрликтен кетпөөгө чакырышты.

Оппозиция лидерлери, мурдагы крикетчи Имран Хан жана дааватчы Тахир ул-Кадри баштаган нааразылар 15-августтан бери Исламабадга чогулуп, Наваз Шарифтин премьер-министрликтен кетүүсүн талап кылышууда. Алар Шарифти 2013-жылпы парламенттик шайлоону бурмалап, бийлик башына келди деп күнөөлөшүүдө.

Пакистандын ишки иштер министри Чаудари Низар Ал Хан бүгүн парламенттин эки палатасынын чукул чакырылган сессиясында сүйлөп, митингди бийликке каршы ынкылап деп атады:

- Мен ишенем, парламент мага көрсөтмө бериш керек. Өкмөткө жана элге бул протест эмес, отуруш же саясий чогулуш эмес деп айтам. Бул ыңкылап. Бул өкмөттүк институттарга каршы ыңкылап. Бул Пакистанга каршы ыңкылап.

31-августка караган түнү нааразылар Нафаз Шарифтин үйүн басып алмак болушуп, полиция менен кагылышканда үч адамдын каны төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG