Жайкы эс алуудан кайткан депутаттар регламентке ылайык, бүгүн комитеттерде иштешет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш быйыл 30-июндан 1-сентябрга чейин жайкы эс алууга тараган. Өткөн бир жыл ичинде парламентте 76 пленардык жыйын болуп, 265 мыйзам долбоору талкууланган. Анын ичинен 175 мыйзам кабыл алынып, 137сине президент кол койгон. (SE)