Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Жети айда жол кырсыгынан беш жүздөн ашуун адам өлдү


Жыл башынан бери Кыргызстанда 521 адам жол кырсыгына кабылып, мерт кетти. Бул тууралуу бүгүн Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаев маршруттук унаа айдоочулары менен жолугушкан учурда билдирди:

- Быйылкы жылдын жети айында өлкө аймагында 3 850 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу беш пайызга жогорулаган. Ал эми каза тапкандардын саны 2013-жылга карата 12 пайызга кыскарган.

Исаев билдиргендей, 2005-жылы Кыргызстанда 400 миң унаа каттоого алынган болсо, быйыл машинелердин саны 1 миллион 40 миңди түзүп жатат.

Башкы жол кайгуулчу бүгүн Бишкектеги маршруттук унаа айдоочулары менен эреже бузгандарга салына турган жаңы айып пулдар боюнча сүйлөшүү үчүн жолуккан. (SE)

XS
SM
MD
LG