Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Ысык-Көлдө


“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган кербен Ысык-Көл облусуна жетти. Анын алкагында белгилүү адамдар өлкө дубандарын кыдырып, бөбөктөргө жомок окуп берип жатат. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышууда.

Облустагы алты китепканада өтүп жаткан кербендин максаты - балдарга китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана бул ыкманы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу.

“Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду бул кербенди былтыр да ишке ашырган.(MK/BkA)

XS
SM
MD
LG