Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Газада авиа жана ракета чабуулдары кайра уланды


Израил жана палестин согушчандары ортосундагы Газа секторундагы элдешүү аягына чыкты. Израил 19-августта Газадан Израилди көздөй 50дөй ракета атылганын, узак аралыкка жетчү ракеталар Тел-Авивти жана Иерусалимди бутага алганын билдирди. Чыгым жөнүндө маалымат жок. Израил аскерлеринин маалымдашынча, Газадагы жортуул кезде тогуз палестиналык, анын ичинде ХАМАСтын командири Мухаммед Деифтин аялы жана баласы өлтүрүлдү.

Каирде башталган эки жактуу сүйлөшүү токтоду. Израил территориясын аткылоо улантылып жатканда, сүйлөшүү мүмкүн эмес деп билдирди. Палестин тараптын башчысы Израилди элдешүү боюнча келишимге жетишүүдөн качты деп күнөөлөдү. 8-июлда Израил армиясы Газадагы операциясын баштагандан берки кандуу булоондо 2 миңден ашуун палестиналык өлдү. Алардын көбү карапайым жарандар. Израил тараптан 67 адам өлдү, анын ичинде үч жоокер бар.

XS
SM
MD
LG