Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Иманалиев: Лукашенконун Бакиевге берген сыйлыгы акылга сыйбайт


Беларус президенти Александр Лукашенконун Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевди “Эл достугу” ордени менен сыйлашы эл аралык этикеттин алкагына гана эмес, жөнөкөй эле адамдык адеп-ахлактык ченемге да сыйбай турган жосун. Мындай билдирүүну парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Ианалиев таратты.

Анын билдирүүсүндө жүзгө жакын адамдын канын төккөнү үчүн сот тарабынан өмүр бою сыртынан соттолгон адамга аталган сыйлыктын берилиши Лукашенконун жеке чечими болгону айтылат.

- Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык жолдор аркылуу мындай жосунга карата расмий түшүнүк берүүсүн талап кылышы керек. Расмий Минск Курманбек Бакиевди “Эл достугу” ордени менен сыйлоо жөнүндөгү чечимин кайра карашы керек. Бакиев тескерисинче кыргыз-беларус достугун солгундатты,- дейт Иманалиев.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель окуясынан соң бийликтен кулатылган. Ал ошондон бери Беларуста баш калкалап жүрөт. 25-июлда Аскердик сот Бакиевди 2010-жылы элди атууга буйрук берген деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты. Ага чейин экс-президент президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча да күнөөлүү деп табылып, 24 жылга соттолгон.(UEz)

XS
SM
MD
LG