Көптөн күткөн жеңиш
Өткөн аптада Хорватияда жаштар арасында өткөн спорттук мелдештерге Кыргызстандан 5 спортсмен аттанган . Алар күрөштүн эки түрү эркин жана грек рим күрөшү боюнча күч сынап келишти. Грек–рим күрөшү боюнча бир гана спортмен ийгиликке жетишип, күмүш медалга ээ болгон. Бул күрөш боюнча “жаштар арасында дүйнөлүк биринчиликте” 6 жылдан кийинки жеңиш болду.