Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Луганск бийликтери шаардагы гуманитардык таңкыстыкты билдиришти


"Азыр шаарда свет, суу жок. Уюлдук жана жергиликтүү телефон кызматтары иштебейт. Интернет жеткиликтүү эмес. Таштандылар бир топтон бери чыгарылбай, шаардагы экологиялык абал дагы коркунучта. Тынбаган атышуулардан улам коммуналдык кызматтын жумушчулары өз иштерин аткара албай калышууда". Мындай билдирүү Украинанын чыгышындагы Луганск шаардык кеңешинин сайтына чыкты.

Бийлик маалымдагандай шаарда азык-түлүк, дары-дармек жетишпейт. Луганскидеги төрт оорукана атышуулардан жарым-жартылай жабыркаган абалда.

Шаарда азыркы күндө 250 миңдей эл бар. Алардын көбү сыртка чыгып кетүүгө шарты жок пенсия курагындагылар жана жаш балалуу үй-бүлөлөр.

Луганск жана Донецк шаарларында апрелден бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда кагылышуулар уланып келет.

XS
SM
MD
LG