"Биз өзбектешкен жокпуз"
Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда. Географ аксакал жакында Бишкекте Кыргыз каганаты боюнча эл аралык конференцияда Чыңгыз Айтматов боюнча доклад жасады. "Азаттык" менен маегинде Караев сөзүн Чыңгыз Айматовдон жашы улуу экендигин айтуудан баштады.