Ирак өкмөт башчысы Нури ал-Малики дүйшөмбүдө өлкө түндүгүндө суннит согушкерлери менен күрөшүп жаткан күрд бийликтерине аскерий көмөк көрсөтүү тууралуу буйрук чыгарды.
Күрд автоном районунун жетекчилиги менен Ирак бийлигинин ортосундагы солгун мамилеге карабай, ал-Маликинин күрддөргө көмөктөшүү тууралуу билдирүүсү күтүүсүз болду. Күрд бийликтери премьердин бул демилгесине азырынча жооп бере элек.
“Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" кыймылынын согушкерлери өлкөнүн түндүк жана батыш бөлүгүн басып алууну эки айдан бери улантууда. Аларга каршы аймактагы Күрд автоном районунун бийлиги салгылашуу жүргүзүп жатат.