Таласта төрт аскер качып кеткен чек ара бекетинин башчысы убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” кабарлады. 27-июлда аскерлердин качышы боюнча кылмыш иш козголгон. Учурда ишти Аскердик прокуратура тергеп жатат. Буга байланыштуу иликтөөгө басым көрсөтпөсүн деген максатта чек ара бекетинин башчысы Улан Сандыбаев убактылуу кызматтан четтетилди.
27-июлда Талас облусундагы чек ара отрядынан качкан төрт аскер ошол эле күнү кармалышкан. Аскерден качкан жигиттердин ата-энелери балдарды командирлер кыйнап, кара жумушка иштеткени үчүн мындай кадамга барганын айтышууда. (BkA)