Токтогул суу сактагычында быйыл суу өтө аз, соңку жети жылдан бери мындай болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бишкекте маалымат жыйында айтты.
Ал суу былтыркыга салыштырганда 3 миллиард куб метрге аз болуп жатканын, азыр 11,5 миллиард куб метр бар экенин кошумчалады. Премьер-министрдин айтымында, кышка даярдык азыр өкмөт үчүн негизги маселе болууда. (RK)