Жалал-Абадда автобус айдоочулар иш таштады. Алар беш күн мурда өз талаптары жазылган катты мэрияга бергенин, бирок дагы эле маселе чечилбей жатканын айтууда.
Мэриянын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын 15 автобусун айдаган 30 айдоочу бүгүн шаар ичиндеги жолго чыккан жок. Алар 2-июлда кызматтан алынган автобазанын директору Кочкорбай Алдозовду кайра ордуна коюну жана автобазанын финансалык абалын жакшыртууну талап кылууда.
Ал эми Жалал-Абад шаар мэриясы Кочкорбай Алдозов мэриянын комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен кызматтан алынганын билдирди. (YA)