Мурат Исмаилов өз арызынын негизинде Бишкектин биринчи вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, ордуна Замирбек Малабеков биринчи вице-мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Төрөбек Имашов өз арызы менен калаанын вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, Марс Саккараев вице-мэрдин милдетин аткарууга киришти.
Тийиштүү буйруктарга бүгүн шаар башчы Кубанычбек Кулматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди. (SE)