Өкмөт үйүнүн алдында жанган "Чырак"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өкмөт үйүнүн имаратынын алдында электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрдү. Ал акцияны “Чырак” деп атап, колуна чырак кармап өкмөт үйүнүн имаратын айланып чыкты. Жарандык активисттин айтымында, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын себептеринин бири дал ушул электр энергиясына баанын көтөрүлүшү болгон. Ал акция аркылуу бийликтерге өткөн күндүн сабактарын унутпоого чакырып жатат. Бирок жарандык активистке өкмөттөн реакция кылган жан болгон жок.