Өткөн дем алышта жалаң атактуу адамдардан турган командалар футбол боюнча таймаш өткөрүп, анда журналисттер командасы утуп чыкты. “Кенчилер” жана футбол федерациясынын командалары оюнда лидерлик кылган менен алар сынактан тышкары деп табылып, жыйынтыгында журналисттердин командасы 1-орунду, премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү 2-орунду, депутаттар 3-орунду ээлешти.