Бейөкмөт уюмдарга каршы акция
16-июнда Бишкектеги Курманжан датка айкелинин алдына “Калыс” кыймылынын 10 чакты өкүлү акцияга чыкты. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынан Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп атоо жана сексуалдык азчылыктар тууралуу маалымат каражаттарында чагылдырууга тыюу салуу мыйзам долбоорлорун тезинен кабыл алууга чакырды. Бул максатта 5 миңден ашык кол топтолгонун айткан кыймылдын башчысы Жеңиш Молдокматов аталган мыйзам долбоорлор "улуттук кызыкчылыктарга жооп берет жана өлкө коопсуздугун сактоо үчүн тезинен кабыл алынышы зарыл" деп эсептейт. (Рысбек Улукбек уулу)