Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов райондук соту Кытайдын жараны Сюй Сюанцзе, Шу Фенгвей жана Ян Цзян Ронгду 1 жылга кести. Аталган жарандар "Кылмыш кодексинин" 261-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынды.
Кытайлык жарандар быйыл февралда кармалган. Шаардык милиция аларды "караоке-бар деп атап, бирок сойкукана катары иштеткени үчүн" кармаган болчу.(BkA)
Кытайлык жарандар быйыл февралда кармалган. Шаардык милиция аларды "караоке-бар деп атап, бирок сойкукана катары иштеткени үчүн" кармаган болчу.(BkA)