Кечээ, 7-апрелде саат 08:45тен 09:00гө чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда катуу шамал болуп өткөн. Шамал Ново-Покровка айыл аймагындагы Сары-Жон айылынын Школьная көчөсүндөгү №15 үйдүн сарайынын 20-25 чарчы метр темир чатырын учуруп кеткен. Үй ээси, 1984-жылы туулган Азамат Сеитовду катуу шамал ал сарайдын чатырын бекемдеп жүргөндө шифер менен чогуу учуруп кеткен.
Сеитов алган жараатынан ооруканага жаткырылып, бүгүн эртең менен көз жумду. Жарандык коргонуу комиссиялары кырсыктын кесепетин кошумча тактоо иштерин улантууда. Бул тууралуу кабарлаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, кечээ Чүйдө жана Балыкчыда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-35 метрге жетти. (RK)