“Көргөзмө” нааразылык акциясы
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин жанына “Көргөзмө” аттуу нааразылык акциясын уюштурду. Ал үч жылдан бери Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы менен өткөргөн пикеттеринде пайдаланган жазууларды жана буюмдарды элчиликтин жанына тизди. Бакиевди кайтарып берүү талабы менен Өндүрүш Токтонасыров ар аптанын шейшемби күнү элчиликтин жанында ар кандай акцияларды уюштуруп келет. (Дастан Үмөттегин)