Крым референдумдан кийин
Симферополдогу Ленин аянтына чогулгандар референдумдун жыйынтыгын белгилешүүдө. Соңку маалымат боюнча, Украинанын Крым республикасынын Орусия курамына кирүүсү үчүн кечээ күнкү референдумга катышкандардын 96% макул деп добуш берди. Бирок расмий Киев менен Батыш бул референдумду тааныбай турганын билдирди.