Баткендин Өзбекстан менен чектеш Кара-Токой айылындагы Буркан Мергенов атындагы орто мектеби 2011-жылы ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок жаңы имараттан али дайын жок. Чек арадагы бул мектептин 3 тарабы Өзбекстан менен чектешип турат.