Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги чек арадагы окуя боюнча азырынча комментарий бербейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтен кабарлашты.
Бүгүн Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде белгисиз бирөөөр аңчылык чарба кызматчысын өлтүрүп, чек арачылар менен атышкан. Учурда алар Кыргызстандын күч кызматкерлеринин курчоосунда турат. Белгисиз топтун эки мүчөсү атышууда жок кылынды. Чек арачылар тараптан жабыркагандар жок.
Айрым маалыматтар боюнча, алар коңшу Кытайдан келген экстремисттик топ болушу ыктымал. Бирок бул маалыматты Кыргызстан азырынча расмий тактай элек. (RK)