Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ирандын ядролук долбоору боюнча келишим күчүнө кирет


Дүйнөнүн алты мамлекети менен Ирандын ортосундагы келишим бүгүндөн тарта күчүнө кирет. Эки тараптын ортосундагы сүйлөшүү өткөн жылы ноябрь айында башталган.

Келишимдин чоо-жайы 13-январда макулдашылган. Ага ылайык, бир жагынан Иран ядролук программасын кеңейтпөө милдетин алса, экинчи жагынан дүйнөлүк ири мамлекеттер Иранга каршы киргизилген санкцияны алышат.

Бул арада МАГАТЭнин инспекторлору Тегеранга келгени кабарланды. Аларга Иран өкмөтү ядролук мекемелеринин эшигин ачып, текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Батыш өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы курал жасоого багытталган деп шекшисе, Тегеран аны четке кагып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG