Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Түштүк Суданда этностук чатак уланууда


Эфиопияга шаршемби күнү (1-январь) шамдан соң Түштүк Судандын жаатташкан эки тобунунун өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келүүгө тийиш. Түштүк Судан өкмөтүнүн кабарлашынча, азыр өлкө борбору Жубадан 120 чакырым алыстагы Бор шаарында эки тарап ортосунда салгылашуу жүрүүдө. Бор Жонглей штатынын административдик борбору жана коогалаңдын очогу.

Этностук чатак президент Салва Киир менен бийликтен кулатылган вице-президент Риек Мачар арасындагы саясый каршылашуудан улам чыккан. Козголоңчулардын лидери Риек Мачар бийликти басып алууга көп жолу аракет кылган деп айыпталууда.

Вашингтон Түштүк Судандагы кырдаалга катуу кыжаалат экенин билдирди жана эки жакты куралдуу тирешүүнү тез токтотууга үндөдү. Декабрдын ортосунан бери жүрүп жаткан этносттор аралык кагылышта миңден көп адам зобун болду.

XS
SM
MD
LG