Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Качкындар агымын кабыл алуу планы жаңырды


5-декабрда БУУнун Качкындар комиссариатынын Бишкектеги өкүлчүлүгү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жолугушуусу болду. Анда Кыргызстанга качкындардын ыктымал агымына даярдыкты күчөтүү жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу боюнча кошумча план кабыл алынды.

Бул маселе 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук маселесинен улам көтөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Байсынов “Борбор Азия өлкөлөрү 2014-жылы Ооганстандан антитеррордук күчтөр чыгарылгандан кийинки абалга кооптонуу менен карап турушат. Жер оодарууга аргасыз болгондордун кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык коомчулук жоопкерчиликтүү түрдө биргелешип аракеттенүүгө тийиш” деп айтты.

Ал эми БУУнун Качкындар комиссариатынын туруктуу өкүлү Йоханн Сиффоант ар кандай өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу негизги жоопкерчилик кыргыз өкмөтүндө болорун белгилеп, бирок БУУнун комиссариаты өкмөткө милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

2014-жылы АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылып кетүүсү менен Борбор Азия аймагында абал курчуйт деген чочулоолор айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG