Армения Бажы биримдигине кошулуу тууралуу келишимге февралда кол коюуга даярдыгын билдирди. Тышкы иштер министринин орун басары Шаварш Кочарян журналисттерге кабарлагандай, мурдагы советтик өлкөлөрдүн Бажы биримдигине кирүү процессин көзөмөлдөгөн Евразия экономикалык кеңеши 19-декабрда Армениянын “жол картасын” бекитмекчи. Ереван биримдикке кошулуу ниетин сентябрда билдирген. Еврошаркеттин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фуле андай болсо, өлкө Вилнюстагы саммитте биримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коё албайт деп эскерткен. Москва Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдиги бара-бара Еврошаркет түрүндөгү Евразия Экономикалык биримдигине айланаарын айтып келатат. Кыргызстан да Бажы биримдигине кирүүгө камданууда.