Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Чехиядагы шайлоодо солчулдар алдыда баратат


Чехиядагы парламенттик шайлоодо, алдын ала маалыматтарга караганда, солчулдар жеңүүдө. Добуштардын 25 проценти саналып бүткөн маалда Социал-демократтардын партиясы 22 процент алганы кабарланды. Экинчи орунда миллиардер-бизнесмен Андрей Бабиштин “АНО” партиясы, үчүнчүдө коммунисттер келатат.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, шайлоочулардын көбү оңчулдардын бюджетти үнөмдөө чараларына жана коррупция жаңжалдарына нааразылыгын солчулдарга добуш берүү менен билдиргиси келди. Социал-демократтар өкмөт куруу үчүн башка партиялар менен коалиция түзүшү керек болот. Муну менен коммунисттер 1989-жылдан бери алгачкы жолу башкарууга келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG